Site icon Reporter.kg

Бишкекте чет элдик жаран 300 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Баңгизат ташуу менен алектенген эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат билдиргендей, аталган топ «Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан» багыты боюнча метамфетамин баңгизатын ташыган.

Бишкекте 7-октябрда бул топко кирген чет өлкөлүк С.У. аттуу жаран кармалган. Ал аталган багыт боюнча келген метамфетаминди Казакстан аркылуу Гонконгго жөнөтүп турганы аныкталган.

Чет элдик жарандан салмагы 67,6 кг болгон метамфетамин табылып алынган. Анын баасы 300 млн сомду түзөт.

Чет өлкөлүк атуул УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл 6-октябрда Гонконгдун басылмалары Кыргызстандан келген жүктөн салмагы 88 кг болгон 11,3 млн долларлык метамфетамин баңгизаты табылганы тууралуу жазган.

Гонконгдо Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 млн долларлык баңгизат табылды

Exit mobile version