Site icon Reporter.kg

Бишкекте чет элдик жаранды сабаган 22 жаштагы бала кармалды

2-июлда чет элдик жаран Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода борборунан жергиликтүү тургун тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн. Чет элдик жаран сабады делип, Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну 3-июлда кармалды.

Маалыматка ылайык, токмок жеген жаран Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши ур-токмокко алганын билдиришкен. Азыр ал реанимацияда комада жатат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Буга чейин шаардын борборунда эс-учун жоготуп жатканынды кара кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштей турганы айтылган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Чырга эмне себеп болгону белгисиз.

 

Exit mobile version