Site icon Reporter.kg

Бишкекте чет элдиктерди мыйзамсыз иштеткендерге 3,6 млн сом айып пул салынды

Бишкекте мигранттарды мыйзамсыз жумушка алган жана иштеткендер аныкталып, айып пулдар салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаардык милициясы “Нелегал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында чет өлкөлүк жаранды жумушка тартуу, алуу жана иштетүү эрежелери бузулган 800гө жакын учур аныкталган.

Укук бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 430, 431, 93, 94-беренелери боюняа административдик протоколдор түзүлүп, жалпы 3 млн 615 мин 500 сом суммадагы айып пулдар салынган.

Exit mobile version