Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы парк ачылды — сүрөт

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы парк ачылды — сүрөт

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин аты коюлган парктын ачылышы болуп өттү. Жаңы парктын ачылышына президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы парктын ачылышы менен бирге Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин дагы ачылышы болуп өткөн. 11 гектарды ээлеген парк  Бишкек шаарынын Көкчөтау жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишине курулган.

“Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз”, — деп сүйлөгөн өлкө башчысы парктын жана эстеликтин ачылышында.

Аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышты.

[su_image_carousel source=»media: 27892,27891,27890,27889,27888,27887,27886,27885,27884″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>