Site icon Reporter.kg

Бишкекте чыккан өрттө имараттын 850 чарчы метри күйдү

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Имараттын 850 чарчы метр аянтты күйүп кетти.

Өрт саат 00:23дө чектөөгө алынып, 01:20 да толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

 

Exit mobile version