Бишкекте дүкөндү тоноого кирген жаран 10 мүнөткө жетпей кармалды

Бишкекте дүкөндү тоноого кирген жаран 10 мүнөткө жетпей кармалды

Дүкөндү тоноого аракет кылган жаранды Күзөт кызматынын кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-мартта саат 05:02 чамасында Свердлов районунун күзөт бөлүмүнүн №261-ыкчам кармоо тобуна бөлүм тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ж.Абдрахманов  көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө чакыруу келип түшкөн.

“Ошол күнү милициянын прапорщиги Анаркул уулу С., милициянын старшинасы Д.Касымбеков жана милициянын старшинасы Т.Шабданбеков кызматта  болгон. Саат 05:06 убактысында ыкчам кармоо тобу чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда, эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкап, дароо дүкөндү көздөй чуркашкан”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 30-35 жаштагы азият улутундагы жаран кылмыш ишин жашыруу үчүн качууга аракет кылган. Шектүү кармалып, Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң, кылмышка шектүү Ош шаарында 1990-жылы туулган З.Д. экени аныкталган. Дүкөндү тоноого атайын бычак, мык суургуч алып даярданып келгени кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>