Бишкекте дүкөндөн азык-түлүк тоногон адам кармалды – сүрөт

Бишкекте дүкөндөн азык-түлүк тоногон адам кармалды – сүрөт

Милициянын кайгуул кызматы уурулукка шектүү адамды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, 9-ноябрда саат 03:20лар чамасында “102” номерине Тоголок Молдо көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен азык-түлүктөрдү уурдап кетти деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда 53 жаштагы Т.А. аттуу адам арыз менен кайрылган. Ал саат 02:30дар чамасында белгисиз адам дүкөндөн 13 000 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кеткенин билдирген.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе шектүү катары 24 жаштагы Ж.А аттуу адам кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

[su_image_carousel source=»media: 47540,47535,47539,47538,47537,47536″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>