Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарынын С.Каралаев менен И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Таргет» дүкөнүнөн өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен алдын-ала маалыматтар боюнча, дүкөндүн 57 жаштагы сатуучусу каза болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, өрттүн кесепетинен үч кишинин бети жана бутунун саны күйүп, ооруканага жеткирилген.