Бишкектин Рухий Мурас конушунда дааратканага түшүп кеткен 3 жаштагы бала аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Окуя бүгүн, 23-сентябрда болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылган. Алардын бири дарааткананын чуңкуруна түшүп, баланы аман-эсен алып чыккан.
Учурда баланын абалы жакшы.