Бишкекте дагы 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
reporter.kg
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты. Мындай маалыматты Республикалык штабдан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.