Site icon Reporter.kg

Бишкекте дагы 500дөн ашык жаранга ипотекалык үйлөр тапшырылды

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексинин 510 батири ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Мурас» турак жай комплекси – 4,7 миң батирден турган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Учурда анын биринчи баскычы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөр тургузулду. Анда 510 батир бар.

Батирлерди тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышты. Ал «Мурас» турак жай комплексинин ордунда мурда №47 абагы жайгашканын, аны шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай куруу чечими кабыл алынганын айтты.

«Кайсы үй-бүлөнү алба, балдары билим алып, кесипке үйрөнүп, эрезеге жеткенде, ар бир ата-эне «ушул балам, же ушул кызым ак эмгеги менен каражат тапса, үйлүү-жайлуу болушса, анан бак айтып үй-бүлө курушса» деп басса-турса тилек кылат. Мына ошол турак жай маселесин чечүү максатында акыркы жылдары жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Анын алгачкысын он күндөй мурун дал ушул борбор калаабызда баштап, 500дөн ашуун жаранга батирлердин ачкычтарын тапшырдык. Бүгүн ошол ийгиликтүү долбоордун уландысы катары «Мурас» турак жай комплексинин ачылыша күбө болуп жатабыз», — деди Жапаров.

Бишкекте мамлекет курган ипотекалык үйлөр ээлерине тапшырылды

 

Exit mobile version