Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Жакында Бишкек мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардык парламенттин депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөт. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.

«9 жалпы билим берүү уюмдарын оңдоо пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептеринде жана №72, №185 бала бакчаларда терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот», — деп жазылат маалыматта.

Жарандык демилгелер боюнча пландалган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.

Тендер бүгүн, 14-декабрда  мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>