Site icon Reporter.kg

Бишкекте дагы бир аялдаманы талкалап кетишти

Бишкектеги Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан аялдама талкаланды. Бул тууралу муниципалитет билдирди.

Анын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган.

Эскерте кетсек, Ч.Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан мурда белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгы уурдап кетишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version