Site icon Reporter.kg

Бишкекте дагы бир Тез жардам клиникасы ачылат

Бишкекте дагы бир Тез жардам клиникасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо миниистри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурдагы №4 ооруканадагы орундар жетишпей жатат.

«Шаар чоңоюп жаткандыгына байланыштуу мурдагы Аламүдүн районундагы оорукананы экинчи Тез жардам клиникасы кылганы жатабыз”, — деди ал.

Оорукананы курууга Катар 9 миллион 240 мин доллар грант берет. Министрлик анын курулушу быйыл баштамакчы.

Exit mobile version