Site icon Reporter.kg

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм кыз аман-эсен табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-сентябрда милицияга эки аял киши кайрылып, 13 жана 15 жаштагы кыздары ошол эле күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

18-сентябрда милиция кызматкерлери жоголгон кыздарды аман-эсен табышкан.

Өспүрүм кыздардын коопсуздугу үчүн ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Милиция балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда жакынкы милиция бөлүмүнө же «102» кызматына кабар берүүсүн суранат.

Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды көзөмөлгө алып, кароосуз калтырбоо керектигин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version