Site icon Reporter.kg

Бишкекте дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Акылбек изделүүдө

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 8-январда милицияга Бишкек шаарынын Т.К. аттуу тургуну (аял киши) кайрылып, 14 жаштагы уулу Акылбек Таалайбековду табууга жардам берүүнү суранган. Анын айтымында, уулу 7-январда болжол менен таңкы саат 05:00до Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилери: бою 165-170 см, арык чырай, көзү жана чачтары кара.

Өзгөчө белгилери: сол бетинде тырыктын тагы бар.

Кийген кийими: кара түстөгү куртка, баш кийим, шым жана кара түстөгү велосипеди бар.

Милиция Акылбек Таалайбековду көргөн-билгендер болсо, 0 (550) 223 333, 0(704) 447 770, 0(703) 401 600 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Учурда милиция тарабынан Акылбек Таалайбековду издөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version