Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкекте 16 жаштагы Бейшембекова Майрам изделүүдө. Бул тууралуу Репортер агенттигине кыздын туугандары кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз кечээ, 27-сентябрь күнү кечки саат 19:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал борбор калаадагы №9 орто мектепте 9-б класста окуйт. 

Өзгөчө белгилери: бою 155 сантиметр, чачы кара күрөң түстө, белине чейин.

Кийип жүргөн кийимдери: үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Кимде ким сүрөттөгү Бейшембекова Майрмды көргөн же билген болсо 0779148612 жана 0700985209 номерлери аркылуу анын жакындарына кабарлап коюуңарды суранабыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>