Site icon Reporter.kg

Бишкекте дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Үмүтай изделүүдө

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы Үмүтай Кашенова изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга К.М. аттуу аял кайрылып, 33 жаштагы кызы Үмүтай Кашенова 7-октябрда болжол менен 15:00до Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Белгилери: 165 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Өзгөчө белгилери: «шизофрения» менен жабыркайт

Кийгени кийими: кочкул кызыл түстөгү куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Үмүтай Кашенованы көргөндөр болсо 0(312) 352-605, 0( 553) 102- 465, 0( 703) 501-600,0(553) 102-880, 0(502)250-815 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version