Site icon Reporter.kg

Бишкекте дайынсыз жоголгон 80 жаштагы карыя табылды

Бишкекте үйдөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон 80 жаштагы карыя табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Такталгандай, 7-февраль күнү эрте  менен Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну милицияга кайрылып, 1940-жылы туулган атасы үйүнөн чыгып кеткен  боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген.

Дайынсыз жоголгон жаран Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү 23:30 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунун табылып, Ленин айондук милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Ал жерден туугандары алып кетишкен.

иллюстрациялык сүрөт

Exit mobile version