Бишкекте ди-джейди өлтүргөн адам кармалды — сүрөт

Бишкекте ди-джейди өлтүргөн адам кармалды — сүрөт

Борбор калаанын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 25-февралында саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына «Чыгыш-5» кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде белгисиз адам эс-учун жоготуп жаткандыгы жөнүндө чалуу түшкөн.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен, ал жерге келип, текшерүү жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Өлүктү кароодо соттук-медициналык эксперттер оң далысында мылтыктын жараатын аныкташкан, ал жерден ок өтүп, көкүрөккө уруп, жүрөк токтоп калган. Милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн тактап, ал 1983-жылы туулган С.Д. экенин аныкташкан.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү каттоосуна алынып, «адам өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, керектүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында шаардын аймагынан шектүү 1984-жылы туулган Л.В. кармалган. Ал тергөө кызматына алынып келип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү жашаган жеринен атайын ыкчам иликтөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылып, алынган.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыш иштерине катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Буга чейин массалык маалымат каражаттары жабырлануучу ди-джей болуп иштегенин жазып чыгышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>