Бишкекте «Дордой-1» конушундагы кампадан өрт чыкты

Бишкекте «Дордой-1» конушундагы кампадан өрт чыкты

Бүгүн, 4-августта «Дордой-1» конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Дордой-1» конушунун 10-көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Өрткө күбө болгондор да кырсык тууралуу социалдык тармактагы баракчаларына жазып, фото жана видео илип жатышат. Алардын жазганына караганда, товар сакталуучу жай, ага жанаша жайгашкан үйлөр жана машина токтотуучу жай өрттөнүп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>