28–30-май күндөрү Бишкекте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата дүйнө элдеринин эпосторунун VIII эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, фестивалдын алкагында бир нече өлкөлөрдөн келген эпос таануучулар жана окумуштуулар үчүн эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар уюштурулат. Ошондой эле көчмөн элдердин турмуш философиясын чагылдырган бир катар маданий иш-чаралар өтөт.
Иш-чаранын алкагында:
“Мыкты кыргыз боз үйү”,
“Улуу мурас” каада-салттар,
“Саркеч көчмөн”, жана алгачкы жолу өткөрүлүүчү “Сейтекчи” сынактары уюштурулат.
Сынактар боюнча кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: +996 709 210 733, +996 773 601 464