Бишкекте дүкөндүн айнегин талкалап, уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-декабрга караган түнү Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган мейманканадан «айгай» белгиси берилип, жерине кармоо тобу барган.
Кармоо тобу барганда, алар кылмышкер мейманкананын дүкөнүнүн айнегин сындырып, уурулукка киргенин көргөн. Ууру дүкөндөн чыгууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн. Шектүү 34 жаштагы жаран болгон.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.