Site icon Reporter.kg

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте 27-28-январь күндөрү дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Салмак категориялар:

Кыз-келиндер арасында: 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг,

Эркектер арасында: 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100.

Exit mobile version