Бишкекте Эгемендүүлүк күнү бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

Бишкекте Эгемендүүлүк күнү бир катар көчөлөр жабылат (тизме)

Бишкекте 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата кээ бир көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Айдоочулар төмөндөгү жабыла турчу көчөлөрдү тизмеси менен таанышып алыңыздар:

-Киев көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

-Абдымомунов көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү.

ЖККБ айдоочуларга эскертет: Жолдор эртең мененки саат 6.00дөн 00.00гө чейин жабылат. Алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алгыла.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>