Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жүрүүдө. Айрым көчөлөр жабылат (тизме)

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жүрүүдө. Айрым көчөлөр жабылат (тизме)

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жүрүп жатат. Ошол себептен 28-августтан 31-августка чейин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып, ачылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чарага даярдыктар өтүүдө.

28-августтан 30-августка чейин салтанатка даярдык көрүүдөн улам эртең мененки саат 9.00дөн 11.00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Ал эми 31-август күнү саат 8.00дөн 12.00гө чейин, ошондой эле 19.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү жолдор жабылат:

  • Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жогоруда аталган аймак менен чектешкен Абдымомунов көчөсү дагы жабылмакчы.
  • Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Белгилей кетсек, быйыл Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>