Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар жүрүп жатат. Ошол себептен 28-августтан 31-августка чейин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып, ачылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
«Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чарага даярдыктар өтүүдө.
28-августтан 30-августка чейин салтанатка даярдык көрүүдөн улам эртең мененки саат 9.00дөн 11.00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Ал эми 31-август күнү саат 8.00дөн 12.00гө чейин, ошондой эле 19.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү жолдор жабылат:
- Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жогоруда аталган аймак менен чектешкен Абдымомунов көчөсү дагы жабылмакчы.
- Мэрия айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.
Белгилей кетсек, быйыл Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленет.