Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2,7 миллион сом коротулат

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 2,7 миллион сом коротулат

Борбор калаада Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда борбордук көчөлөрдү жана борбордук «Ала-Тоо» аянтын кооздоо иштери жүрүп жатат. Жалпы жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөн.
Мындан тышкары 31-августта аянтта медициналык «Тез жардам» кызматынын  жана өрт өчүрүү кызматынын унаалары нөөмөттө болот.
Ал эми коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>