Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки адам бычактан жараат алды. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте 20-ноябрда Чүй проспектисинде (Кулиев көчөсү менен кесилишкен жакта) белгисиз жарандар уруша кетип, эки адам бычактан жараат алды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, уруша кеткен адамдардын айрымдары мас болгон.

Бул окуя боюнча Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 20-ноябрда саат 15:34 чамасында «102» кызматына Чүй проспектисиндеги кафелердин биринде бир жаран бычактан жараат алды деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, маалымат ырасталган. Андан кийинки териштирүү иштери үчүн милиция бөлүмүнө 29 жаштагы А.Ж. жана 40 жаштагы Д.Р. аттуу жарандар жеткирилген. Бул факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Д.Р. аттуу жаран соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, өзү жаракат алганын, эч кимге доо арызы жок экенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, саат 16:27де «102» кызматына Улуттук гопиталдан бычактан жараат алган 29 жаштагы К.Д. аттуу жаран кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча милиция кызматкерлери Улуттук госпиталга барганда, К.Д. аттуу жаран ооруканага жатуудан баш тартып, кетип калган.

Бул факт Ленин райондук милициясында каттоого алынып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version