Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен сабагандар кармалды (видео)

Бишкекттин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан эки адамды мыкаачылык менен сабаган Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

«Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталып, Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп маалымат беришти аталган кызматтан.

Белгилей кетсек, 28-август күнү Ленин райондук милициясына Д.М. аттуу аял киши кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө “Ярмарка” дүкөнүнүн жанынан  күйөөсүн сабап, из жашырып кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жаракат алган адам  тез жардам Улуттук госпиталга жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 39-130 (өлүмгө жеткирүү) беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын биридктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Exit mobile version