Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки айда 107 адамдан кургак учук аныкталды

Бишкек шаарында 2 ай ичинде кургак учуктун жаңы аныкталган 107 учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын ушул эле мезгилинде 97 учур аныкталган. Алсак, кургак учук менен ооруган адамдардын саны 5,6%га өсүшү байкалууда. 107 учурдун тогузу 14 жашка чейинки балдар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version