Бишкекте эки автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду

Бүгүн Бишкекте эки автобустун катышуусунда жол кырсыгы болду. Окуянын күбөлөрү билдиргендей, жол кырсык Ахунбаев менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 08:20да болгон. №145 автобус аялдамада жүргүнчүлөрдү салып жатканда, №49 автобус аны артынан келип сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, №49 автобустун айдоочусу рулду башкара албай калган. Жол кырсыктан жабыркагандар жок.