Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки көчөнүн оңдолуп бүткөн тилкелери ачылды

Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында эки көчөнүн тилкелери оңдолуп бүтүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Оңдоп-түздөөдөн кийин Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки батыш тарабы ачылды. Ошондой эле, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Карл Маркс көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бишкек мэриясы жакында аталган жол тилкелеринин жээктеринде көрктөндүрүү иштери башталып, унаа токтотуучу жерлер оңдолорун билдирди.

Exit mobile version