Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-октябрда түнкү саат 00:05тер чамасында «102» кызматына Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну бычактан жаракат алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Жерине барган кайгуулчулар 1991-жылы туулган У.А. аттуу жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага жеткирилгендигин такташкан.
«Жабырлануучуга мас абалдагы кошунасы ашкана бычагы менен сайып жиберген. У.А. ооруканада көз жумган», — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам кармоо иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү делип 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз