Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки күндө 27 мас айдоочу кармалды

мигалка, полиция, милиция

Бишкекте эки күндүк рейд учурунда мас абалында унаа башкарган 27 айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көбөйүп, жол кырсыгынын кесепетинен көптөгөн жарандар жабыркап жатат. Андыктан Патрул кызматкерлери тарабынан эки күндүк «Бахус» рейд жүргүзүлүп, 2562 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

130 унаа айып короого токтотулду.

Exit mobile version