Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки кыз дүкөндөн жасалма акчага шоколад алууга аракет кылышты- видео

Бишкекте Суюмбаев көчөсүндө жайгашкан кичи дүкөндөрдүн биринен эки кыз жасалма 2 миң сомго шоколад жана суу алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу oppa_kg телеграм-каналы жазды.

Маалыматка ылайык, сатуучу кыздарга акчанын жасалма экенин айтып, эскертүү бергенден кийин, алар сатуучунун колунан акчаны жулуп алып, качып кетишкен. Окуя 12-мартта саат 20:00дөр чамасында болгон.

Exit mobile version