Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки окуучу дайынсыз болуп, изделүүдө

Бишкек шаарында 12 жана 11 жаштагы эки окуучу эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу шаардын Октябрь райондук милициясы кабарлады.

12 жаштагы Акунов Сабыржан жана 11 жаштагы Кажымахунов Бектурган 27-апрелде саат 19:00дө 12-кичирайондо жайгашкан мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып келишкен эмес. Учурда алардын жүргөн жери белгисиз болууда.

Акунов Сабыржан: бою — 136 см, салмагы — 35 кг. Кийген кийими: кызыл шорты, кызыл футболка, кара түстөгү жеңи жок чапан (безрукавка), бутунда кызыл гетры.

Кажымуханов Бектурган: бою — 132 см, салмагы — 32 кг. Кийген кийими: кара түстөгү спорттук кийим.

Октябрь райондук милициясы аталган окуучулардын жүргөн жерин аныктоого жардам берген кандайдыр бир маалымат бар болсо, бул телефон номерлерге чалып коюуну өтүндү: 0(312) 52-29-00, 0(312)54-41-85, 0(507)50-71-02, 0(706)41-83-47  жана «102».

Exit mobile version