Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки райондун акими алмашты

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болгонун муниципалитеттен билдиришти.

 Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов кызматтан алынып, анын ордуна Максат Нусувалиев дайындалды.

Ошондой эле Октябрь районунун акими Азамат Дороев кызматтан алынып, анын ордун Константин Куценко ээлеген.

Акимдерди кызматтан бошотуп, жаңыларын дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка шаар мэри Балбак Түлебаев кол койгон.

Exit mobile version