Site icon Reporter.kg

Бишкекте эки унаа сүзүшүп, айдоочулары каза болду (сүрөт, видео)

28-февралга караган түнү Бишкектин Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit жана Honda Stream унаалары сүзүшүп, эки айдоочу каза болду.

Маалыматка караганда, Honda Stream унаасынын айдоочусу окуя жеринде каза болгон. Ал эми, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада көз жумган.

Жол кырсыктан жабыркаган беш адам ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version