Бүгүн, 3-июнда Васильевский трактында Mazda 626 жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Патрулчулардын айтымында, кырсык саат 04:00дөр чамасында «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо болгон.
Окуянын кесепетинен унаалардын биринин айдоочусу каза болуп, экинчиси жаракат алган.