Site icon Reporter.kg

Бишкекте йога күнү белгиленди

Бишкек шаарында 10-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Шри Арун Кумар Чаттерджи катышты.

Йога күнүн майрамдоо эки компоненттен турду: Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа.

Шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога көнүгүүлөрүн жасашты.

Иш-чара Индиянын Кыргызстандын элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган. Максаты — жарандарды сергек жашоого жана активдүү эс алууга тартуу.

Маалымат үчүн: Йога – дене менен рухтун биримдигин камтыган байыркы индиялык салт. Йога ден соолук жана жыргалчылык үчүн комплекстүү мамилени камсыз кылат жана азыр дүйнө жүзү боюнча популярдуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version