Site icon Reporter.kg

Бишкекте таштанды челектен ымыркай табылды

Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге «Тазалык» ишканасынан ырасташты.

Ымыркайды ишкананын кызматкерлери эмес, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары 8-ноябрда саат 23:30да байкашкан. Алар баланын үнүн угуп, милиция чакырышкан.

Ымыркай суукта үшүп калган. Учурда абалы туруктуу.

Октябрь райондук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, бөбөк №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version