Site icon Reporter.kg

Бишкекте электр мамысына чыгып, түшө албай калган жаран куткарылды

Бишкек шаарында электр мамысына чыгып, кайра түшө албай калган кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруу кызматына Айни көчөсүндө болжол менен 18-20 жаштагы кыз  жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version