Site icon Reporter.kg

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды

Борбор калаада электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май районундагы Исанов көчөсү 79 дарегинде жайгашкан «79» бизнес борборунун аймагына «Эвокс» ишканасынан эки электр кубаттоочу  жай орнотулду.

Бул экодолбоор Биринчи май районунун акимиаты менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды.

Мындан ары мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version