Site icon Reporter.kg

Бишкекте электромобилди кубаттоочу алгачкы түйүндөр иштеп баштады

Бишкек шаарында электр унааларын кубаттоочу биринчи пункттар коюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери “Кыргызстанда электромобилдер үчүн электр чордондорун орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү” долбоорунун алкагында жеринде унааны кубаттоого боло турган алгачкы пункттар менен таанышышты.

Эки жеке компаниянын өкүлдөрү алгач Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, андан соң борбор калаанын мэриясынын артындагы Киев көчөсүндөгү бүткөрүлгөн иштерди көрсөтүштү.

Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Энергетика министрлиги болуп саналат.

Белгилей кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар бул жабдууларды кабыл алып, эсептегич орнотуулары керек.

“Бишкекбашкыархитектура” электр унааларын кубаттоочу чордондорду жайгаштыруунун тармактык схемасын иштеп чыкты.

Жалпысынан чакырыктын бул этабында 30дан 60ка чейин электр кубаттоочу чордондорун орнотуу пландаштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version