Site icon Reporter.kg

Бишкекте эмерек цехи толугу менен күйүп кетти

Борбор калаанын Октябрь районунун Ауэзов  көчөсүндөгү “Тимбер мебель” эмерек цехи толугу менен күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Өрт 1-авгусста түшкө жакын чыккан. Аны өчүрүүгө ӨКМдин 6 өрт өчүрүү бөлүмү, «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын бир суу ташуучу автоцистернасы тартылган.

 Өрт саат 16:36да чектөөгө алынып, 22:08де толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоо 1200 чарчы метр аянтты түзгөн эмерек цехти толугу менен жалмаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Exit mobile version