Site icon Reporter.kg

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция анын өздүгүн тактоого жардам сурайт

Бишкек ШИИББи Рыскулов жана Чымкент көчөлөрүнүн кесилишинен 8-июнда эркек кишинин жансыз денесин табылганын билдирип, анын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркек кишинин жансыз денеси 8-июнда саат 8:30 чамасында табылган. Маркум болжол менен 35-40тар чамасында. Алгачкы кароо жүргүзүлгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери болгон эмес.

Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара.

Кийип жүргөн кийимдери көк футболка, көк жынсы шым, ак байпак, күрөң түстөгү бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билген болсо, төмөндөгү телефон номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0705 45-05-53, 0553 10-24-65, (0312) 35-26-05.

Exit mobile version