Site icon Reporter.kg

Бишкекте эртеңден тарта автобус айдоочуларына накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат

Бишкекте 2-декабрдан тарта коомдук муниципалдык транспорттун айдоочуларына накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чара шаар мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

«Борбор калаанын жолдорундагы абал боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн мэриянын кырдаал борбору аркылуу автобустарга орнотулган жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу накталай төлөмдөрдү көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деп эскертет мэриядан.

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире акысын накталай эмес төлөм системасы иштеп жатат. Коомдук транспорттун тарифтери:

— автобуста – 17 сом;
— кичи автобустарда – 20 сом;
— валидаторлор орнотулган автобустарда, жол кире акысын накталай төлөгөндө – 20 сом.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version