Site icon Reporter.kg

Бишкекте эс алуу күндөрү коомдук транспорттор токтотулат

Өлкө аймагында жана борбор калаада коомдук транспортторго чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

«COVID-19 илдетинин кучөп жаткандыгына байланыштуу иш-чараларды күчөтөбүз. Бишкек шаары боюнча ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттун кыймылын токтотуп турууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, облустар аралык жүрүп жаткан коомдук транспортторго чектөө киргизилет, бирок такси кызматтары, жеке транспорт жана жүк ташуучу унааларга чектөөлөр коюлбайт», — деди Кубатбек Боронов.

Exit mobile version