Бишкекте эс алуу жайларынын иштөөсүнө тыюу салынды

Бишкекте эс алуу жайларынын иштөөсүнө тыюу салынды

Бишкекте тойкана, футбол талааларынын иштөөсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда брифингде борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Коронавируска каршы коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн төмөнкү жайлардын иштөөсүнө тыюу салынды:  

Велосипеддерди ижарага берген жайлар, батуттар, уруксатсыз көчөдө соода кылган жайлар, тойкана караоке барлар, чайханалар канча кардар келгенине карабастан, ошондой эле балдар аянттарын, футбол талаалары. Ал эми сейил бактарга барууга чектөө киргизилет. Карантин эрежелерин  бузгандарга катуу эскертүүсүз чаралар көрүлөт.  Ошондой эле тийиштүү органдарга мэрия карантин эрежелерин сактабаган жайлардын суу, электр токторун өчүрүүнү сунуштайбыз”, — деди Суракматов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>